# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 29.07.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.07.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/422795>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57316/edition/962704/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.07.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-июлундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.07.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/422795

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) VII сессиясы

2017-жылдын 29-июлу № 1 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө Депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйругун ишке ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйруктары жетекчиликке алынсын;

2. Айыл өкмөтүнө - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө тийиштүү шайлоо комиссияларына шКыргыз Республикасынын Президентин шайлоочулардын тизмесин тариздөө,

тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечсин; -Уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдарды түзсүн; -шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жна материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечсин;

- үгүт материалдарын орнотуу үчүн атайын орундарды бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздасын;

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Миңбаева
