Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө» токтому
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) VII сессиясы
2017-жылдын 29-июлу № 1 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жөнүндө Депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйругун ишке ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндөгү» № 1681 – VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б буйругун ишке ашыруу боюнча Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 112-июлундагы № 120-б буйруктары жетекчиликке алынсын;
2. Айыл өкмөтүнө - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө тийиштүү шайлоо комиссияларына шКыргыз Республикасынын Президентин шайлоочулардын тизмесин тариздөө,
тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечсин; -Уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү үчүн аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча штабдарды түзсүн; -шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорттук жна материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечсин;
- үгүт материалдарын орнотуу үчүн атайын орундарды бөлүп берсин жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздасын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Миңбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Распоряжение Правительства КР от 4 июля 2017 года N 271-р (Об образовании Республиканского штаба по оказанию содействия избирательным комиссиям в решении…Распоряжение · 04.07.2017 · № 271-р · Утратил силу