# Жошолу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 17-июнундагы № 27/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жошолу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 17-июнундагы № 27/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/3
- Дата принятия: 17.06.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.06.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/422666>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57187/edition/959623/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.06.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жошолу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 17-июнундагы № 27/3 "Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө" токтому (ред. от 17.06.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/422666

---

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси

2019-жылдын 17-июну № 27/3 Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй куруу үчүн планга берилген жер жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүнүн салык жана жыйымдар боюнча кызматкери А.Жеенбековдун үй куруу үчүн планга берилген жер жана аны жарандардын пайдалануусу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII заседаниеси ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүндөгү үй курууга берилген жер пландар айыл өкмөтүнүн тиешелүү жооптуу адистери тарабынан такталып жана инвентаризациялансын.

2. 5 жылга чейин негизсиз себептер менен (жашырып жүргөн ж.б.) жер салыгын төлөбөгөн жарандарга берилген жер пландарынын мыйзамдуулугу каралып, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 46 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген жер кодексинин жана салык мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөттүн балансына кайтарып алуу жагы каралсын.

3. Кыргыз Республикасынын жер боюнча кодексинин 11-главасында каралган жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары, 66-статьясындагы көрсөтүлгөн жер участогун алып коюунун негиздери боюнча иш тиешелүү адистер тарабынан алынып барылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин экономикалык саясат, муниципалдык менчик, жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.

Төрага

З. Боронов
