# Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2017-жылдын 02-ноябрындагы № 1 "Тогуз-Торо айыл окмотунун 2015-2016-жылдардагы бюджетинин тузулушу жана аткарылышы боюнча КРнын Эсептоо палатасынын жургузулгон аудиттин жыйынтыгы боюнча" токтому

- Полное наименование: Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2017-жылдын 02-ноябрындагы № 1 "Тогуз-Торо айыл окмотунун 2015-2016-жылдардагы бюджетинин тузулушу жана аткарылышы боюнча КРнын Эсептоо палатасынын жургузулгон аудиттин жыйынтыгы боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 02.11.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.11.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/422565>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-57086/edition/955464/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.11.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2017-жылдын 02-ноябрындагы № 1 "Тогуз-Торо айыл окмотунун 2015-2016-жылдардагы бюджетинин тузулушу жана аткарылышы боюнча КРнын Эсептоо палатасынын жургузулгон аудиттин жыйынтыгы боюнча" токтому (ред. от 02.11.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/422565

---

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган II сессиясы

2017-жылдын 02-ноябры № 1 Тогуз-Торо айыл окмотунун 2015-2016-жылдардагы бюджетинин тузулушу жана аткарылышы боюнча КРнын Эсептоо палатасынын жургузулгон аудиттин жыйынтыгы боюнча Тогуз-Торо айылдык кенешинин бюджеттик комиссиясынын корутундусун эске алып ( XX шайланышынын) кезектеги II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн жалпы жыйынында талкууланып,тиешелуу адистерге административдик чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууда кошумча булактарды издеп таап,айыл өкмөүнү н бюджетин толтуруу жагы айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси А.Матаевага милдеттендирилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы 28-июнундагы №384 токтомуна,2013-жылдын 8-июлундагы №403 токтомуна жана 2013-жылдын 2-октябрындагы №543 токтомуна жана 1997-жылдын 25-июнундагы №377токтомуна ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.

4. Айыл өкмөтүнүн негизги каражаттардын жана материалдык баалуулуктардын эсебин КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 16-майындагы №224 номердеги токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча” ыкмалардын негизинде жургузуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага милдеттендирилсин.

5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана үлүшкө бөлүнбөй калган жерлерди ижарага берүү жагын колго алуусун айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Ж.Мурзакимовго милдеттендирилсин.

6. . .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана кийинки сессияга чейин аудиттин жыйынтыгы боюнча карап чыгып, аныктама берүү жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

7. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевге милдеттендирилсин.

Төрага

Р. Ажыбаев
