Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Муниципалдык кызматчыларга дем берүүчү төлөмдөрдү берүү жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 7 Муниципалдык кызматчыларга дем берүүчү төлөмдөрдү берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-беренесине ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашап жана иштеп жаткандыгын жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алуу менен Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына үстөктөрдү кошуу максатында Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтомунун 4-беренесине ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашап жана иштеп жаткандыгын эске алуу менен Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин эмгек маянасына ай сайын дем берүүчү үстөк кошулуп берилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маянасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дем берүүчү үстөк акыны кошуп эсептеп берүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага
Ж. Бегалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241