Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Калктуу конуштарга айыл статусун берүү жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2018-жылдын 22-февралы № 5 Калктуу конуштарга айыл статусун берүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын жалпы тургундарынын Каныш-Кыя айылында статус алынбаган калктуу конуштарга статус алып берүү боюнча элдик жыйындын токтому менен жөнөтүлгөн кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Каныш-Кыя айылынын жалпы тургундарынын элдик жыйынын токтому бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык Каныш-Кыя айылына караштуу Кайың-Суу калктуу конушуна айыл статусу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтомуна ылайык айыл статусун берүүгө талап кылынган тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Төрага
Ж. Бегалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 23 октября 2017 года № 690 "О подготовке и проведении в 2020 году переписи населения и жилищного фонда в Кыргызской Республике"Постановление · 23.10.2017 · № 690 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241