# Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-майындагы № 26 "Жаңы-Муун айылы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-майындагы № 26 "Жаңы-Муун айылы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 08.05.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.05.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/421419>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-56160/edition/961550/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.05.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дара айылдык кеңешинин 2019-жылдын 08-майындагы № 26 "Жаңы-Муун айылы жөнүндө" токтому (ред. от 08.05.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/421419

---

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 08-майы № 26 Жаңы-Муун айылы жөнүндө КРӨ 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобого ылайык Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Жер айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы Атылган-Таш участкасынан берилүүчү жерге айыл макамын алууга макулдук берилсин.

2. Жаңы-Жер айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы жаңы айыл Жаңы-Муун айылы деп аталсын.

3. Жаңы-Муун айылына айыл макамын алуу жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Султанов
