# Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 210
- Дата принятия: 15.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 15.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/421345>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-56086/edition/964560/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2018-жылдын 15-мартындагы № 210 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 15.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/421345

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы 2018-жылдын 15-марты № 210 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Жазма буйругун кароо жөнүндө “«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Дебитордук карыздарды эсептен жашырууга жол берилбесин, бардык дебитордук карыздар жылдын жыйынтыгы менен баланска алынсын .

2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

3. Кызматтык автоунааны пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767-токтомуна ылайык күйүүчү майлар көрсөтүлгөн норманын чегинде пайдаланылсын жана ашыкча пайдаланууларга жол берилбесин.

4. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 “Мамлекеттик сатып алуулар “ жөнүндөгү Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

5. Айыл өкмөтүнүн балансында турган негизги жана айланма каражаттардын толук сакталуусу көзөмөлгө алынсын.

6. Мырза-Аке жайыт пайдалануучулар бирикмесинин балансындагы жайыт жерлери толук пайдаланууга алынсын.

7. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А.Кимсанов
