# Папан айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №1 "Папан айыл аймагынын 2018- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2019 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Папан айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №1 "Папан айыл аймагынын 2018- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2019 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 29.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/421159>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55904/edition/965072/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Папан айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы №1 "Папан айыл аймагынын 2018- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2019 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/421159

---

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI кеңешинин кезектеги XII сессиясы 2018-жылдын 29-декабры №1 Папан айыл аймагынын 2018- жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2019 – жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Папан айыл аймагынын 2018- жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2019-жылга бюджетин кабыл алуу боюнча айыл аймагынын финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы А. Калыковдун докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, депутаттардын сын- пикирлерин жана сунуштарын угуп, депутаттардын Папан айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Папан айыл аймагынын 2018-жылга кабыл алынган бюджеттин киреше бөлүгү 23051,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 23051,3 миң сом мындан тышкары атайын каражат 360,0 миң сом баары: 23411,3 миң сом акча каражаты каржыланышы боюнча отчету канаатандыралык деп табылсын. Папан айыл аймагынын 2019-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 23096,5 миң сом, мындан тышкары ата-эне взносу 400,0 миң сом өлчөмүндө бюджеттик киреше 23496,5 миң сом, чыгаша 23496,5 миң сом өлчөмүндө каржылоо жагы бекитилсин. Папан айыл аймагынын бюджетинин чыгашалар бөлүгү 23496,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жыл 28-июнь № 384 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык бийик тоолуу шартта эмгектенген айыл башчылар 1) Кожо-Келен айыл башчысы Усонов Нурмамат жана Кара-Гур айыл башчысы Абдулдаев Абдыганыга эмгек акысына кошуп төлөө, тоолуу шартка байланыштуу 40% 171,1 миң сом өлчөмүндө төлөп берүү жагы каралсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 июлундагы № 403 токтомундагы тиркемеге ылайык айыл өкмөттөн ветеринардык врач (контракт менен) эмгек акысы адистин денгээлинде жана статист-экономист адистин денгээлинде эмгек акысы менен стаждык кошулмаларын кошуу менен штат бирдиги бекитилсин. Папан айыл өкмөтүнүн жоопту адистери Кара-Суу районуна кызматтык сапарларга баруу жагы баракчалары азыркы шарттагы нормаларга ылайык барып келүү акысы суткалык чыгымды кошкондо 400,0 сом өлчөмүндө бекитилсин. Папан айыл өкмөтүнүн территориялдык узактыгы борбордук конторадан Кожо-Келен, Кара-Гур айылдары 45 км тегерегинде турат жана Ош шаарындагы Ак-Буура 1 , Ак-Буура 2, Ак-Буура 3, Ак-Буура 4, жана Жаны-Турмуш айылдары Айыл өкмөттүн борборунан 45-50 км алыстыкта жайгашкан. Ошондуктан айына календардык иш күнгө карап, ар биринчи күнү борбордук конторага баруу зарылчылыгы келип жатат, ошондуктан аталган айылдардын Айыл башчыларына бир жолку барып келүү чыгымы 200 сомдун тегерегинде төлөп берилсин жана барып келүү баракчаларына өздөрүнүн мөөрү жана айыл өкмөттүн мөөрү басылган баракчалар кабыл алынсын. Папан айыл өкмөтүнө жана финансы-экономика бөлүмүнө жыл ичинде тармактар боюнча каржыланбай калган статьяларды жылдырылуу (уведомления) жолу менен өндүрүштүк муктаждыка ылайык айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде ушул токтомдук жетекчиликке алуу менен тармактан тармака статьядан статьяга жана тармак ичиндеги өзгөрүүлөрдө статьялар боюнча каржылоо Айыл өкмөттүн буйругу менен жүргүзүлсүн. Айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, аны статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы айыл Аймагынын башчысына жүктѳлсүн жана 2019-жылга карата Папан айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүнөн каржылануусуна айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде өндүрүштүк муктаждыка ылайык статьялар боюнча өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго уруксат берилсин. Папан айыл өкмөтүнүн башкаруу Аппаратын жана Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын штаттык түзүмү такталган сунушталгандар бекитилип каржылоо жүргүзүлсүн. Кыргыз Республикасынын штат бирдиги 42 анын ичинен башкаруу аппараты 19 Айыл башчы 17 Вет врач (контракт) 1 ВУС кызматкери жана тейлөөчү 5 баары 42 адамдан турган штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн. Маданият кызматкерлеринин штат бирдигинин жалпы саны 7 адам санынан турат, мунун ичинен тейлөөчү 4 кызматтагы штат бирдиги бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн. Папан айыл аймагынын болжолдуу бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2019-жылга 23496,5 миң сомго жана 2020-жылга 23876,5 миң сом жана 2021-жылга 24231,2 карата долбору миң сомго жактырылсын. Мындан тышкары жайыт комитети 2018- жылга карата 115,0 миң сом, 2019-жылга карата 150,0 миң сомго Папан айыл аймагынын 2019-жылга резервдик фонду 231,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 2019- жылга карата Папан айыл аймагынын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн мыйзам чегинде сарпталуусун көзөмөлдөө жагы депутаттардын Папан айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К. Бактыбаев
