# Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 36 "Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 39 токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 36 "Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 39 токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36
- Дата принятия: 08.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/421039>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55790/edition/957794/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 36 "Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 39 токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/421039

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2019-жылдын 08-февралы № 36 Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 39 токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 39 токтомуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө Токтогул шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча адиси Т.Бекташованын сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 14.03.2015-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 39 токтомуна төмөндөгудөй өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтомдун 4-пунктунун 1-пунктчасындагы убакыт бирдиктери “24.00” саат “20.00” саат менен, “08.00” саат “07.00” саат менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом күчүнө киргенден кийин жогорудагы өзгөртүүлөрдү эске алуу менен иш алып баруу Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) жүктөлсүн.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

М.Н.Жусупахунов
