# Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 31 "Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү боюнча" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 31 "Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү боюнча" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 08.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/421034>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55785/edition/957784/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 31 "Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү боюнча" токтому (ред. от 08.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/421034

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2019-жылдын 08-февралы № 31 Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылга иш планын бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кенешинин 2019-жылга сунушталган иш планы боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын маалыматын, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).

2. Бекитилген иш план боюнча иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаардык кеңешинин депутаттарына жана аппарат кызматкерлерине жүктөлсүн.

3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, жалпы аткарылышын көзөмөлдөө жагы Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы С.Наралиевага тапшырылсын.

5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

М.Н.Жусупахунов
