Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Токтогул шаардык кеңешинин «Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2019-жылдын 08-февралы № 30 Токтогул шаарынын мэриясынын жана Токтогул шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин кароо, бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”мыйзамына ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 451, 452 токтомдоруна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы М.Н.Жусупахуновдун, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун, ФЭБ башчысы Н.Кулузакованын сунуштарын кароонун жыйынтыгы жөнүндө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин, анын негизинде төмөндөгү штаттардын сан эсеби бекитилсин.
2. Токтогул шаардык мэриясы боюнча:
Жооптуу кызматкерлер - 16 штаттык бирдик; Тейлөөчү кызматкер - 3 штат; Баардыгы: 19 штат бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 451) 3 Токтогул шаардык кеңеши боюнча: Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдиги; Тейлөөчү кызматкер -2 штат; Баардыгы: 6 штаттык бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452) Анын ичинен: 2019-жылдын 1-январынан баштап 2019-жылдын 31-декабрына чейин, Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгү кызматкерлери Токтогул шаардык мэриясында убактылуу иштөөнү улантышсын:
· башкы адис А.Койчубаев Токтогул шаардык мэриясына салык жыйноочулары менен биргеликте иш алып баруу үчүн;
· иш кагаздарды жүргүзүүчү Носибжан кызы Одина иш кагаздарын жүргүзүү милдеттерин аткаруу үчүн;
4. Ушул токтом менен бекитилген штат бирдиктерине ылайык иш жүргүзүү жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго жана ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
6. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
М.Н.Жусупахунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №452 "Об утверждении типовых структур и штатной численности аппаратов городских кенешей городов республиканского…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №451 "Об утверждении типовой структуры и штатной численности исполнительного органа местного самоуправления Кыргызской…Постановление · 05.08.2011 · № 451 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Распоряжение Премьер-министра КР от 21 сентября 2011 года № 440 "Об Айтбаеве У.Ш."Распоряжение · 21.09.2011 · № 440