# Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 29 "Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы өндүрүштүк эксплуатациялык “ Суу Канал” жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 29 "Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы өндүрүштүк эксплуатациялык “ Суу Канал” жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29
- Дата принятия: 08.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/421032>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55783/edition/957780/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин 2019-жылдын 8-февралындагы № 29 "Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы өндүрүштүк эксплуатациялык “ Суу Канал” жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө" токтому (ред. от 08.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/421032

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ

Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2019-жылдын 8-февралы № 29 Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы өндүрүштүк эксплуатациялык “ Суу Канал” жана “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы өндүрүштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору Б.Сулаймановдун 2018-жыл ичиндеги аткарган иштери, бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жана 2019-жылга пландалган иштери боюнча маалыматтары угулду. Жыйынтыгында маалыматтарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жогорудагы муниципалдык ишканалардын жетекчилери Ч.Анарбаевдин, Б.Сулаймановдун маалыматтары эске алынсын.

2. Ишкананын ишин натыйжалуу жүргүзүү үчүн “Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевге төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:

- “Таза суу” программасынын долбоорунун ичине кирген жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү жер тилкелери тактоого алынсын, долбоордун алкагында суу түтүктөрүн алып өтүү үчүн бошотула турган жерлерди иликтеп, жер ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

- башкы суу кампага тиешелүү мамлекеттик актыга байланышкан чиймелери толугу менен алынсын;

- саркынды суу топтолуучу жайдын имараты жайгашкан жерге укук тастыктоочу документтери алынсын;

- жашоочулардан, бюджеттик мекемелерден, жеке ишкер, юридикалык жактардан тарифтик төлөмдөрдү чогултуу боюнча жоопкерчиликтүү иш аракеттер көрүлсүн;

- Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жашоочулардын сууну пайдалангандык үчүн тарифти төлөөсү, башкы кампаны ондоп түзөө иштерине көмөктөшүүсү боюнча айыл өкмөт башчысы менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн;

3. “Ынгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Сулаймановго төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:

• тарифтик төлөмдөрдү натыйжалуу чогултуу үчүн калктын, бюджеттик мекемелердин, жеке ишкерлердин саны тез арада тактоого алынсын;

• таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифтик төлөмдү бекитилген планга ылайык чогултууну камсыздасын;

• ишкананын гаражы курулуп бүткөнгө чейин, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын техникаларын Дадиев көчөсүндөгү (Токтогул райондук ЭББнүн имаратынын артындагы) муниципалдык менчиктеги гаражга ушул жылдын 1-март айынан баштап убактылуу жайгаштырсын, башка уюштуруу иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтомду аткаруу ишканалардын жетекчилери Ч.Анарбаевге, Б.Сулаймановго милдеттендирилсин, аткарылышын Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков өз көзөмөлүнө алсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага:

М.Н.Жусупахунов
