Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Токтогул шаардык кеңешинин «2018-жыл ичинде Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун отчету жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2019-жылдын 08-февралы № 28 2018-жыл ичинде Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 2018-жыл ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасынын аткарылышы жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жалпы аткарылган иштер жөнүндө бир жылдык отчетун берди.
Б.Болгонбековдун отчетун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2. Отчетту угуунун жүрүшүндө токтом, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы боюнча айтылган сын-пикир, сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүлсүн жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
М.Н.Жусупахунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Распоряжение Премьер-министра КР от 21 сентября 2011 года № 440 "Об Айтбаеве У.Ш."Распоряжение · 21.09.2011 · № 440