Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кууганды айылдык кеңешинин «Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө» токтому
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 16-апрели № 45 Аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө КР Айыл чарба,тамак-аш,өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы мелиорациялык гидрология экспедициясынын 2019-жылдын 18-февралындагы №1сандуу катын, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 21-февралындагы №03-21/168 сандуу катын карап, талкуулап Кууганды айылдык аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн быйылкы жылдын бюджети бекитилип калгандыктан,аймактагы айдоо аянттарынын мелиоративдик абалдарын жакшыртуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жумшалуучу каражаттын көлөмү чоң болгондугуна байланыштуу, мүмкүнчүлүккө жараша кийинки 2020-жылдын бюджетине сунуштоого калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага
Э.Тайтекеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.