# Жергетал айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы № 3 "Жергетал айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жергетал айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы № 3 "Жергетал айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 04.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420853>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55609/edition/956788/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жергетал айылдык кеңешинин 2019-жылдын 04-февралындагы № 3 "Жергетал айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 04.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420853

---

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 04-февралы № 3 Жергетал айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө Жергетал айыл аймагынын 2019-жылга бюджетин бекитиүү жөнүндөгү бюджеттик комитеттин жана айыл өкмөтүнүн сунуштарын карап жана талкуулап Жергетал айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 8230,6 жана чыгашалар боюнча 8230,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

Жергетал айылдык аймактын Кенешинин 2019-жылдагы бюджетти кароодо киреше бөлүгү боюнча №1 тиркемеге ылайык булактардан турары белгиленип бекитилсин.

2. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2019-жылга карата тармактар боюнча чыгаша өлчөмү №2 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

3. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2019-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №3 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

4. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2019-жылга бюджетинин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №4 тиркеменин негизинде белгиленип бекитилсин.

5. 2019-жылга карата айыл өкмөтү боюнча резервдик 73,9 мин сом бардык кирешенин 1% эсебинде түзүлсүн, чыгашанын аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жергиликтуу Кенештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.(№5 тиркеме тиркелет)

6. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин 2019-жылдагы бюджетинин 2019-жылдагы «Жумалы уулу Бузурманкул атындагы Наристе балдар бакчасы боюнча атайын эсептик ата энелер төлөмү 2019 жылдын № 3 токтомунда 400,0 сом өлчөмүндө бекитилсин, жана жалпы каражаты 831,2 мин сом. Чыгаша бөлүгү № 6 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

7. Жергетал айыл аймагынын жайыт комитетин бюджетти 2019 жылга карата айыл кенештин чечими менен 120,0 мин сом акча каражаты бекитилсин. №6 тиркеме тиркелет.

8. Жергетал айылдык аймактык Кенешинин чакырылышынын сессиясында депутаттардын 2019 –жылга бюджетти бекитүүдө, караган пикир келишпестиктин негизинде КР финансы министирлигине сунушталсын.

9. Жергетал айылдык айыл өкмөтүндө каралган типтүү штаттык бирдик КР Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдын № 403 токтомунун редакциялыгынын жарлыгынын негизинде бекитилсин .

10. Чыгаша бөлүгү боюнча статьядан статьяга ,чейректен чейрекке жылдыруу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн .

11. Мүлк салыгы салык Кодексинин негизинде бекитилсин.

12. Транспорт ээлеринин алынуучу салык менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары чет өлкөлүк граждандар жана граждандык укугу жок жарандар салык төлөөчү болуп эсептелет. Салык чеги жана өлчөмү КР салык Кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн

13. Жыйында бюджеттке чегерүү мөөнөттөрү ар бир айдын 20 чы числосу деп белгиленсин. Салык төлөөнүн мөөнөтүү үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин деп белгиленсин.

14. 2018- жылдын жыйынтынтыгы менен 2019-жылга калган эркин акча каражаттынын эсебинен 848551 мин сом акча каражаты төмөндөгүдөй беренелерге каржылоону сунуштайт жана айыл аймактын каты жана тиркемеси менен киргизилет.

Жалпы 848,5 мин сом.

15. Жергетал айылдык аймагынын бюджеттинин чейректен чейреке статьядан статьяга жылдыруу жагы финансы бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

16. Жергетал айыл аймагынын 14 штаттык бирдиги жана анын ичинен 2 штатык бирдиги аскердик эсепке алуу столунун инспекторуна КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июнундагы № 403 токтомунун негизинде, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7 августундагы № 466 токтомунун негизиндеЖергетал айыл өкмөтүнө караштуу Маданият бөлүмүнө 2 кызматкер, клуб башчы 1 кызматкер КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 токтомунун негизинде 2019-жылдын бюджетине бекитилсин.

17. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жергетал айыл аймагынын айылдык аймактын Кенешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Молдояров
