# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 01-5/ 145 "Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 01-5/ 145 "Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-5/ 145
- Дата принятия: 26.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420760>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55517/edition/956132/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-февралындагы № 01-5/ 145 "Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420760

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 145 Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» № 6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 05-февралындагы № 80 токтомуна ылайык, шаардык Кеӊештин 2017-жылдын 07-июнундагы «Кызмат көрсөтүү реестрин бекитүү жөнүндө» № 01-5/33-токтомуну өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу шаардын мэринин жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ

1. шаардык Кеңештин 2017-жылдын 07-июнундагы «Кызмат көрсөтүү реестрин бекитүү жөнүндө» № 01-5/33-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кочкор-Ата шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтын реестри ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун вице-мэрге жана аппарат жетекчиге милдеттендирилсин.

Төрага

С.Т.Маматкулов
