Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 145 «Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 26-февралы № 01-5/ 145 Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» № 6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 05-февралындагы № 80 токтомуна ылайык, шаардык Кеӊештин 2017-жылдын 07-июнундагы «Кызмат көрсөтүү реестрин бекитүү жөнүндө» № 01-5/33-токтомуну өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу шаардын мэринин жазган кайрылуу катын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ
1. шаардык Кеңештин 2017-жылдын 07-июнундагы «Кызмат көрсөтүү реестрин бекитүү жөнүндө» № 01-5/33-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кочкор-Ата шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтын реестри ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун вице-мэрге жана аппарат жетекчиге милдеттендирилсин.
Төрага
С.Т.Маматкулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.