# Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-майындагы № 15 "Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-майындагы № 15 "Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 23.05.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.05.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420725>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55482/edition/953477/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.05.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 23-майындагы № 15 "Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 23.05.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420725

---

БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз XXIII- сессиясы

2019-жылдын 23-майы № 15 Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун сунушун кароо жөнүндө Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 23-майындагы № 01-16/398 сандуу “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) КРнын Мыйзамдарына)” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 сандуу токтомун аткарууга алып жазган сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIII- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2019-жылдын 23-майындагы № 01-16/398 сандуу сунушу эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы С. Турдалиев жана Жанай-Сай көчөсүнүн тургундары Каримовдордун 0,70 га сугат айдоо жер аянтына Аймактык оорукана курулуп калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 сандуу токтомун жетекчилике алып (трансформациялоо) же бир котегориядан экинчисине которулсун.

3. Аймактык оорукананын жер аянтын мыйзам чегинде ажыратып Юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туркутуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.

Төрага

З. Арстанбеков
