# Кара-Алма айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-февралындагы № 1 "Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Алма айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-февралындагы № 1 "Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 23.01.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.01.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420659>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55416/edition/951845/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.01.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Алма айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-февралындагы № 1 "Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.01.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420659

---

КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

2019-жылдын 06-февралы № 1 Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019- жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүсү эске алынып, 2019-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 2111,5 миң сом го, атайын каражаттардын суммасы 162,0 миң сомго, теңдөө гранты 3901,2 миң сомго, жалпы 6174,7 миң сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бюджеттин чыгашалары баланстуулукту сактоо менен бөлүмдөр жана беренелер аралык 6174,7 миң сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2020-жылга жергиликтүү бюджет 1917,5 миң сом, теңдөө гранты 3763,4 миң сом, 2021-жылга жергиликтүү бюджет 1937,5 миң сом, теңдөө гранты 3658,2 миң сом өлчөмүндө бюджеттин кирешелеринин божомолу бекитилсин.

4. 2018- жылда теңдөө грантынын көлөмү 3901,2 миң сом өлчөмүндө 3-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жергиликтүү бюджеттен жыйналган салык жана салык эмес жыйымдардан түшкөн кирешелер биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга ( эмгек акыга, соц фондко чегерүүгө, коммуналдык кызмат, электр-энергия акысы, бала бакчанын тамак ашына ) каржылоого багытталсын.

5.Кыргыз Респуликасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомунун негизинде Кара-Алма айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 14 штат бирдиги кармалсын , айлык акылары

Кыргыз Респуликасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 жана 2017-жылдын 7-августундагы № 466 токтомдун негизинде 2649,1 миң сом эмгек акы фонду менен № 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 66 токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 4 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 токтомунун негизинде, 288,0 миң сом эмгек акы фондусу менен № 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июлундагы № -208-б-буйругуна ылайык электр энергияга бөлүнгөн 102,7 кВТ өлчөмүндөгү лимит бюджеттик мекеме уюмдар аралык бөлүнүшүн сактоо менен үнөмдүү пайдалануу мекемелердин жетекчилерине милдеттендирүү менен 257,8 миң сом өлчөмүндө № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

8. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 2111, 2121, 2212, 2215, 2214, 2232, 2824 беренелерине жалпысы 3217,7 миң сом өлчөмүндө № 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 2111, 2232, 2121 беренелерине 352,8 миң сом өлчөмүндө № 8- тиркемеге ылайык бекитилсин.

10. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 224, 2232, 221, 2218 беренелерине 547,5 миң сом өлчөмүндө № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.

11. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 2215, 3111 беренелерине 1494,7 миң сом өлчөмүндө № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.

12. Социалдык камсыздоого 400,0 миң сом акча каражаты № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.

13. Бала бакчага жыйналган атайын каражат казналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыйуу салынсын, аталган тартип бузулган учурда 100% Респуликалык бюджетке алынаары белгиленсин жана 162,0 мин сом өлчөмүндө № 12-тиркемеге ылайык бекитилсин.

14. Жалпы билим берүү мектептерин, бала бакчаны кышка отун менен камсыздоого 20,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн жана отун көмүрдү, электр энергияны үнөмдүү пайдалануу мектептин директорлоруна жана бала бакчанын жетекчисине милдеттендирилсин.

15. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фонду 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

16. Айыл өкмөттүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин.

17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Алма өкмөтүнүн башчысы И.Алимовко жана айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

18. Токтомду Кыргыз Респуликасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы, айылдык Кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

Төрага

К. Сооронбаев
