Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кеңеш айылдык кеңешинин «Кенеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга түзүлүшүн бекитүү, 2020-2021-2022- жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы 2018-жылдын 11-январы № 1 Кенеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга түзүлүшүн бекитүү, 2020-2021-2022- жылдарга болжолу жөнүндө Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018 -жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга түзүлүшүн бекитүү жана 2020-2021-2022- жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү Ф.Э.Б.башчысы Ж.Апсаматованын бирдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын 2018-жылга бекитилген бюджеттин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Апсаматова Жамиланын отчету жактырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагынын өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга карата киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 29 млн 94 мин 100 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык 29 млн 94 мин 100 сом ал эми анын ичинен атайын каражаттын киреше бөлүгү 3 млн 247 мин 600 сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 3 млн 247 мин 600 сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын «Жайыт жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрүнө байланыштуу жайыт комитетинин бюджети киреше бөлүгү 1 млн 57 мин сомго ал эми чыгаша бөлүгү 1 млн 57 сомго бекитилсин. Жайыттын киреше төлөмдөрүн планын аткаруу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасына милдеттендирилсин.
4. 2020- жылга кирешелер боюнча болжол 21 млн 271 миң 600 сом суммасында, 2021-жылга 23 млн. 758 миң 600 сом суммасында, 2022-жылга 23 млн 763 мин 600 сом суммасында, ал эми чыгаша бөлүгү 2020-жылга болжол 21 млн 271 миң 600 сом суммасында, 2021-жылга 23 млн.758 миң 600 сом суммасында, 2022-жылга 23 млн 763 мин 600 сом суммасында №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2019-жылы Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү гранттардын өлчөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Айыл аймагынын 2019-жылга бекитилген бюджеттин беренелерде көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө киреше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу айыл аймагынын киреше бөлүмүнүн башчысы Д.Токтосуновго милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө Айылдык Кенештин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Кеңеш айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүлүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, салык инспекциясынын макулдугу менен жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген уведомлениелердин негизинде чектөө планына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоо айыл аймагынын Ф.Э.Б.нүн башчысына милдеттендирилсин.
8. «Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын республикалык бюджети жана 2020-2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүп берилген жана теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон жана коммуналдык беренелерине каралары белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 24-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 258 мин 500 сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фонду болуп бекитилсин.
10. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекстин» 110-беренеси Кенеш айыл аймагынын 2019-жылга жүгүртүүдөгү кассалык акчанын көлөмү 50 (элүү) миң сом болуп бекитилсин.
11. Кеңеш айыл аймагынын табият кырсыктарынын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2019-жылга кол тийгис 400,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал каржатты максаттуу пайдаланылсын.
12. Кеңеш айыл аймагынын «Жарандык коргоого» бөлүнгөн 100,0 мин сом акча каражаты «Жарандык коргоо» комиссиясынын иш планын негизинде комиссиянын чечими менен иштетүү милдеттендирилсин.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8 - июль күнкү № 403 токтомуна негиз Кеңеш айыл аймагынын кызматкерлеринин штаты 38 бирдик санында бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №268 “Маданият искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине 10 штаттык бирдик санында бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл аймагындагы 9 айылга айыл башчынын кызмат орду штаттык бирдиктин ичинде белгиленсин.
16. Кеңеш айыл аймагынына караштуу айылдардагы мал жана канаттуулардын санын тактоо өз уручурунда эмдеп жана дарылоону учурунда камсыз кылуу жана отчетторун жүргүзүү үчүн бюджеттин түрдүү чыгымдар беренесинен малчарба жана ветеринардык кызматы үчүн келишимдин негизинде 116,5 мин сом социалдык төлөмдөр жана чегерүүлөр ичинде кызмат акысы белгиленсин.
17. Кенеш айыл аймагындагы соц объекттердин, түнкү жарыктандыруунун кыш мезгилиндеги көзөмөлдөө жана башка жумуштары үчүн 3 айга карата электр адисин иштетүүгө 45 мин сом, социалдык фонд жана чегерүүлөрү 7,8 мин, токойдун кароолчусуна 56 мин сом соц фонд чегеруулору 9,7 мин сом белгиленсин.
18. Кеңеш айыл аймагындагы орчундуу деп эсептелген көйгөйлүү маселелерди каржылоого шагыл, щебень төгүүгө 650 мин сом, Гөлөгөн таза суунун учурдагы ремонтуна 200 мин, көчөлөрдү түнкү жарыктандырууга 600 мин акча каражаты ажыратылсын жана бул сумманы айылдарга бөлүштүрүп мыйзамдуу сарпталышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
19. Кенеш-Тазалык муниципалдык ишканасына субсидия иретинде 300 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
20. Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын ашыруу, тажрыйбасын арттыруу жана башка атайын окууларга жөнөтүүгө 50 мин сом акча каражаты бөлүп берилсин.
21. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кенешинин «Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияга жана айыл аймагынын Ф.Э.Бнүн башчысына тапшырылсын.
22. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий WEВ сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
23. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Тиленбаевге жүктөлсүн
Төрага
А.Омурзаков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 31 мая 2011 года № 268 "О вопросах оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 31.05.2011 · № 268 · Утратил силу