# Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы № 14/4 "Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы № 14/4 "Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 14/4
- Дата принятия: 21.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420470>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55228/edition/964752/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы № 14/4 "Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө" токтому (ред. от 21.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420470

---

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин кезектүү он төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2019-жылдын 21-февралы № 14/4 Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө

Айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартында кабыл алынган 22, 2018-жылдын 14-июнунда кабыл алынган 13, 2018-жылдын 3-августунда кабыл алынган 5, 2018-жылдын 23-августунда кабыл алынган 4, 2018-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган 8, 2018-жылдын 26-сентябрында кабыл алынган 7 токтомдору, 2018-жылдын 18-октябрында кабыл алынган 14, 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган 12 токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндөгү айылдык кенештин катчысы Д.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалында кемчилдиктер белгиленсин.

2. Айылдык кеңешинин 06.03.2018-жыл № 6/20 “Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан көйгөйлөр аялдарга, балдарга, өспүрүмдөргө, үй-бүлөө мүчөлөрүн зордук зомбулуктун алдын алуу, спирттик ичимдиктерди сатууга мезгилдик чектөөлөрдү киргизүү, спирттик ичимдиктер сатылган дүкөндөргө мониторинг жүргүзүү жөнүндөгү” токтомун, жашы 18-жашка толо элек өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктер саттырбоо, аракечтиктин ден-соолукка зыяндуулугу жөнүндө айыл башчылар, УДТ мээрбандары, мектеп жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жандандыруу, аракеч, спирттик ичимдитерди көп ичкен тургундардын тизмесин, жашаган дарегин жана байланыш телефондорун тактоо айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси менен тактоо жүргүзүшсүн, айылдык кеңешинин 06.03.2018-жыл №6/22 “Биймырза айылындагы жер көчкү коркунучунан көчүрүлгөн тургундардын жер аянтынын оордуна жаштарга ден-соолугун чындоого шарттарды түзүү максатында, улуттук спорт оюну Улак чабууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү” токтомун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 10 -“Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешип камсыз кылуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, улуттук спорт оюну Улак чабууга ченемдик укуктук актыларды даярдап берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.

3. Айылдык кеңешинин 06.03.2018-жыл № 6/5 “Биймырза айылындагы К.Момбеков көчөсүндө жайгашкан кароосуз калган совхоздун имаратын мамлекеттик расмий тил багытында бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) уруксат берүү жөнүндө” токтомун аткарууга алып, бала бакча курулушуна кайра курууга (реконструкция) жана ондоого акча каражатын чечип берүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.

4. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын жыйынтыгы менен кабыл алынган токтомдорунун ар бир пунктарында белгиленген милдеттердин аткарылышын камсыздоо жана аткарууга алынбаган токтомдорду аткарылышын камсыздоо жана өз убагында так аткаруу жагы жергиликтүү башкаруу органынын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Саипов
