# Көл-Төр айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 5-февралындагы № 2 "Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көл-Төр айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 5-февралындагы № 2 "Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 05.02.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.02.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420444>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55202/edition/956890/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.02.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көл-Төр айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 5-февралындагы № 2 "Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө" токтому (ред. от 05.02.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420444

---

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

2019-жылдын 5-февралы № 2 Айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин арызын кароо жөнүндө

Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну Макеев Шайлообектин “Водохранилище” участкасындагы №187 контурунан асылдуулугу төмөн жайыт жеринен өздөштүрүп алган 5,0 га жер аянтын максаттуу пайдалануу багытын айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш түрүнө трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясына, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-ж. №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.06.2008-ж. №306 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-ж. №169 “Жерлерди трансформациялоонун тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна” ылайык “Водохранилище” участкасындагы №187 контурунан асылдуулугу төмөн жайыт жеринен өздөштүрүп алган 5,0га жер аянтын көп жылдык мөмө жемиш түрүнө трансформациялоо Тоң райондук жерди трансформациялоо боюнча комиссиясына уруксаат берүүгө сунушталсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Азизовго, көзөмөлдөө жагы агрардык комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

У. Мааткеримов
