# Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 20 "Көчөгө ат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 20 "Көчөгө ат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 20
- Дата принятия: 29.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420410>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55168/edition/956078/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 29-мартындагы № 20 "Көчөгө ат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420410

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХIII сессиясы

2019-жылдын 29-марты № 20 Көчөгө ат берүү жөнүндө

Каргалык айыл өкмөтүнүн укук маселелери боюнча башкы адиси А.А.Дүйшеевдин маалыматын угуп, К.Э.Арстанбековдун эмгектерин, Казарман айылынын «Демилге» калктуу конушунун жашоочуларынын кайрылуусун, протоколун эске алуу менен жана аларды талкуулап, Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 1,7,11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.10.2014-жылдагы № 610 жана 23.10.2017-жылдагы № 690 токтомдоруна таянып, Каргалык айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасынын 2.1.-пунктына ылайык Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын Демилге калктуу конушундагы аты жок көчөгө белгиленген план боюнча Арстанбеков Кубанычбек Эрмековичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Даректүү маалыматты камсыздоо максатында «Арстанбеков Кубанычбек» көчөсү деп аталсын жана даректүү каттоо жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго жүктөлсүн..

4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Р. Жунусакунов
