# Ананьев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 27/21-5 "Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ананьев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 27/21-5 "Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/21-5
- Дата принятия: 14.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420361>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-55119/edition/954319/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ананьев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 14-мартындагы № 27/21-5 "Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 14.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/420361

---

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

2019-жылдын 14-марты № 27/21-5 Мини футбол курганга жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 15.03.2001-жылдагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинни негизинде жана жаштар уюмунун сунушун карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ананьев айлындагы Н.Г.Лященко атындагы мектептин территориясынан мини футбол курганга жер тилкеси бекитилип берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курорттук зонаны өркүндөтүү, туризм, экология, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар иштери, социалдык маселелр жана этика комиссиясына тапшырылсын.

4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.

Төрага

Окенаев Т.М
