# Ак-Сай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 8-декабрындагы № 5 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 8-декабрындагы № 5 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 08.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420152>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54910/edition/949967/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 8-декабрындагы № 5 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (ред. от 08.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/420152

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2018-жылдын 8-декабры № 5 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт жерлериди, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы № 21, 2017-жылдын 01-июлундагы № 95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Төө-Таш участкасынан 0,15га жер тилкеси АЗС куруу үчүн жана Чек участкасында жайгашкан 0,30га жер тилкеси авто унаа куруу үчүн трансформациялоо максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Төө-Таш участкасынан 0,15га жайыт жер тилкеси АЗС куруу үчүн жана Чек участкасындагы 0,30га жайыт жер тилкесин авто унаа оңдоочу жай куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.

Төрага

С. Анаров
