# Кочкор айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6- декабрындагы № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кочкор айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6- декабрындагы № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 35/4
- Дата принятия: 06.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/420043>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54830/edition/925368/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6- декабрындагы № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” токтому (ред. от 06.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/420043

---

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

2018-жылдын 6- декабры № 35/4 “Муниципалдык жер аянттарына менчик же ижара укугун берүүчү комиссияны бекитүү Жөнүндө” Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXV-сессиясы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 04.12.2018-жылдагы №644 катын карап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосуна” жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекече турак-жай курууга жер аянттарын бөлүп берүүгө карата комиссия түзүү жөнүндөгү Кочкор айыл өкмөтүнүн 24.10.2017-жылындагы №304-буйругу бекитилсин.

2. Бул комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү жобосун” жетекчиликке алуу менен иш алып барышсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.

Төрага

Т.Балкыбеков
