Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Шайдан айылдык кеңешинин «Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата калдыгын, жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылга бюджетин 2020-2021-жылдарга болжолдуу доолборун бекитүү жөнүндө» токтому
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-апрели №1 Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата калдыгын, жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылга бюджетин 2020-2021-жылдарга болжолдуу доолборун бекитүү жөнүндө Шайдан айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясы Экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Төрөбековдун 2019-жылдын 1-январына 6645,1 миң сом калдыгы ошондой эле жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу доолбору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 6645,1 миң сом калдыгы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү 19350,6 миң сомго, 2020-жылга карата болжолдуу долбоору 19965,2 миң сомго, 2021-жылга карата болжолдуу долбоору 20964,5 миң сомго 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгү 19350,6 миң сомго, 2020-жылга карата болжолдуу долбоору 19965,2 миң сомго, 2021-жылга карата болжолдуу долбоору 20964,5 миң сомго 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча каражаты 200,0 миң сом белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары- дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу) жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүлсүн.
6. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планында ЖАК Текстоник2013-2017-жылдардагы жер казынасына пайдалануу үчүн лицензия кармоо акыны төлөбөй, 2018-жылы бюджетке төлөгөнү эске алынбастан жер казынасына пайдалануу үчүн лицензия кармоо акыга план 5117,0 миң сомго бергендигине байланыштуу планды азайтуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
7. Теңөө грантынын көлөмү жылдан жылга азайып эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөргө жана коммнуалдык чыгымдарга, тамак-аш азыктарын сатып алууга жетишсиз болгондуктан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 “Теңөө гранттарынын эсептөө ыкмасын бекитүү” токтомуна ылайык теңөө теңөө гранттарынын көлөмүн көбөйтүү жана 2019-жылга кошумча каржылоону Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
8. жергиликтүү бюджетке кирешелердин түшүүсүнө карата КР Финансы министрлигинин райондук башкармалыгынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жана чыгашалардын аткарылышы боюнча квартал ичинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Торобековго тапшырылсын.
Төрага
А. Назиров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 16 июня 2011 года № 32 "Об утверждении Методики расчета выравнивающих грантов"Постановление · 16.06.2011 · № 321 · Утратил силу