# Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-мартындагы № 12 "Ношкен айылынын тургуну Абдрахманова Козуханды Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордине көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-мартындагы № 12 "Ношкен айылынын тургуну Абдрахманова Козуханды Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордине көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 12
- Дата принятия: 16.03.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.03.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/419934>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54721/edition/949087/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.03.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Бүргѳндү айылдык кеңешинин 2019-жылдын 16-мартындагы № 12 "Ношкен айылынын тургуну Абдрахманова Козуханды Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордине көрсөтүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.03.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/419934

---

БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылышынын кезексиз XXII- сессиясы 2019-жылдын 16-марты №12 Ношкен айылынын тургуну Абдрахманова Козуханды Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордине көрсөтүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын элинин 11.03.2019-жылдагы № 1- протоколунун, Айылдык кеңештин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 13-мартындагы №3-протоколу жана К. Абдрахмановдун 2019-жылдын 15- мартындагы кириш № А - 34 сандуу “Даңк” орденине сунуштоо жөнүндөгү кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXII- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну К. Абдрахмановдун 2019-жылдын 15- мартындагы кириш № А - 34 сандуу кайрылуусу эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын тургуну, бир нече жолку мамлекеттик сыйлыктардын ээси, “Баатыр эне” Абдрахманова Козуханды “Даңк” ордени менен сыйлоо үчүн сунушталсын.

3. Жогорку турган органдарга тийиштүү сунуштарды жөнөтүүгө көмөктөшүү жагы

4. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э. Маматаевтен суралсын.

5. Абдрахманова Козуханды “Даңк” ордени менен сыйлоодо тийиштүү иш кагаздарын даярдоого көмөктөшүү, сунуштарды даярдап жогорку турган органдарга жөнөтүү жагы айыл өкмөттүн профсоюз уюмунун төрагасы Э. Сопиевке милдеттендирилсин.

6. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековко милдеттендирилсин.

Төрага

З. Арстанбеков
