# Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 28.10.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.10.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/419683>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-54471/edition/949343/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.10.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-октябрындагы № 8 "Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө" токтому (ред. от 28.10.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/419683

---

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-октябры № 8 Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы№ 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун 6-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-абад областындагы Юстиция башкармалыгынын 2013-жылдын 22-июлундагы №342/03-7 сандуу катына жана Арал айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарына ылайык АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XIX – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х -СЕССИЯСЫ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Мырзахмедовго тапшырылсын.

Төрага

Токтосунов М.М
