Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Арал айылдык кеңешинин «Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө» токтому
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-октябры № 8 Арал айылдык кеңештин сессияларынын токтомдору кайсыл тилде кабыл алынаары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы№ 184 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” Типтүү Жобосунун 6-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жалал-абад областындагы Юстиция башкармалыгынын 2013-жылдын 22-июлундагы №342/03-7 сандуу катына жана Арал айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарына ылайык АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XIX – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х -СЕССИЯСЫ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Арал айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдорун расмий жарыялоо мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Мырзахмедовго тапшырылсын.
Төрага
Токтосунов М.М
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.