Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Курманбек айылдык кеңешинин «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө» токтому
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2019-жылдын 25-январы № 2 «Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө»
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Эрматованын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ: ТОКТОМ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Эрматованын билдирүүсү эске алынып, 2019-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 9202,1 миң сомго, атайын каражаттардын суммасы 1558,0 миң сомго, теңдөө гранты 4950,4 миң сомго, жалпы 15 710,5 миң сомго № 1-тиркемеге ылайык ал эми, бюджеттин чыгашалары 15 710,5 миң сомго № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2020-жылга 7 433,4 миң сомго, 2021-жылга 7 480,1 миң сомго жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин божомолу бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 208-б буйругуна ылайык электроэнергияга бөлүнгөн 504,0 миң кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча № 3- тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана көзөмөл жүргүзүлсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн Таран-Базар жана Кара-Чолок айылында түнкү жарыктандыруу орнотулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №208-б буйругуна ылайык электроэнергияга бөлүнгөн лимит жетишпегендиктен Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинен электроэнергиясына жетишпеген кВт лимит бөлдүрүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. 2019-жылга Курманбек айыл өкмөтүнө жеткирилген 4950,4 миң сом теңдөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнө, коммуналдык чыгымдарга, тамак-ашка) каржылоого № 4-тиркемеге ылайык багытталсын.
6. Жоон-Күнгөй айылындагы «Мээрим» балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 588,0 миң сомго, Таран-Базар айылындагы «Кызгалдак» балдар бакчасына ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 900,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары № 5-тиркемеге ылайык казыналык система аркылуу жумшоосу белгиленсин.
7. Мектептерди 2019-2020-окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн 1743,5 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүүсү № 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 141,5 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Айыл өкмөтүнө атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 % республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде Курманбек айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 26 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 жана 2017-жылдын 7-августундагы №466-токтомдун негизинде 4 962,8 миң сом эмгек акы фонду менен №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 66-токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 7 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16-токтомунун негизинде № 8-тиркемеге ылайык 487,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу 576,0 ми миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын 496,9 мин сому жайыт ижарасына 79,1 миң сому жер салыгына № 9-тиркемеге ылайык төлөнсүн жана жайыт комитетине 384,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
14. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана № 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 2215, 2221, 2222, 3111 беренелерине жалпысы 1226,3 миң сом өлчөмүндө № 11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2212, 2215, 2218, 2222, 3111, 3112 беренелерине жалпысы 724,0 миң сом өлчөмүндө № 12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 2211, 2212, 2215, 2221, 2222, 3112 беренелерине жалпысы 1490,8 миң сом өлчөмүндө № 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 2211, 2215, 2221, 2222, 3112 беренелерине жалпысы 261,5 мин сом өлчөмүндө № 14-тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Башкаруу бөлүмүнүн атайын каражаттарынын чыгымдары 3112 беренесине № 15-тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Жайыт комитетинин 22.01.2019-жылдагы кириш № К-25 сандуу кайрылуусунун негизинде жайлоолордун жолдорун, көпүрөлөрүн жана жайыт комитетинин кабинетин оңдоо үчүн жайыт комитетинин түзгөн эсеби боюнча 192,0 миң сом өлчөмдө каражат бөлүнсүн.
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Биримкуловко жүктөлсүн.
Төрага
Ч. Тайгараев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 6 · цитируется в 0 · связанные 3
Ссылается на (6)
- РАСПОРЯЖЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 20 июня 2018 года N 208-р (Об утверждении годовых лимитов потребления электрической, тепловой энергии и природного газа для собственного…Распоряжение · 20.06.2018 · № 208-б
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 19 января 2011 года №16 "О введении новой системы оплаты труда работников учреждений культуры, искусства и информации"Постановление · 19.01.2011 · № 16 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 7 августа 2017 года № 466 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об оценке деятельности и условиях оплаты…Постановление · 07.08.2017 · № 466 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 31 января 2012 года №66 "О внесении дополнений и изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О вопросах оплаты труда…Постановление · 31.01.2012 · № 66 · Утратил силу
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу