# Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 4-августундагы № 82 "Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин сунушу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 4-августундагы № 82 "Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин сунушу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 82
- Дата принятия: 04.08.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.08.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/419063>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53946/edition/922272/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.08.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Салам-Алик айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 4-августундагы № 82 "Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин сунушу жөнүндө" токтому (ред. от 04.08.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/419063

---

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2018-жылдын 4-августу № 82 Айыл чарба жерлерин ар кандай жерлерге которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145-Мыйзамынын 3 жана 7-беренелерине ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси Ж.Нуралиевдин сунушунун негизинде Салам-Алик айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери категориясынан ар кандай жерлери категориясына которуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Которуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана бүтүрүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Таштемиров
