Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Алдашев айыл кенешинин «Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгынын 09.01.2019-жылдагы № 1214 каты жөнүндө» токтому
АЛДАШЕВАЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХVI чакырылышынын № I9 сессиясы 2017-жылдын 16-январы № 71 Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгынын 09.01.2019-жылдагы № 1214 каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгынын 09.01.2019жылдагы № 1214 катына таянып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,32,68 беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба жерлерине башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 30 беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.08.2014 -жылдагы “Жер аянттарын котору (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” № 169 Убактылуу жобосуна ылайык, айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси Б.Минбаевдин билдирүүсүн эске алып Алдашев айыл кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кара-Булун” участкасында жайгашкан № 6 контурдагы 115,58 кв.м жана № 5 контурдагы 2666,54 кв.м жалпысы 2782,12 кв.м жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жер” категориясын “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо ж.б багыттагы жер аянттары” категориясына которууга (трансформациялоого) уруксаат берилсин
2. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кара-Булун” участкасында жайгашкан № 6 контурдагы 115,58 кв.м жана № 5 контурдагы 2666,54 кв.м жалпысы 2782,12 кв.м жер аянтын Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин турак жай пайдалануу камсыздоо башкармалыгына мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.К.Абдрахмановка тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага
Нурбек уулу Алишер
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу
- Закон «Об управлении землями сельскохозяйственного назначения»Закон · 11.01.2001 · № 4 · Утратил силу