Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кеңеш айылдык кеңешинин «Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын арызын кароо тууралуу» токтому
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (6-чакырылышы) кезексиз он сегизинчи сессиясы 2019-жылдын 13-марты № 18-4 Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын арызын кароо тууралуу Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асандын ушул айылдын тургуну Алиева Махабаттын 2006-жылы алган тамарка жеринин тизмеси райондук архивден чыкпай калгандыгына байланыштуу, жерине үй салып, салыктарын убагында төгүп жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү Мыйзамынын 2-беренесине жана 13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын арызы канаттандырылсын.
2. Алиева Махабаттын 2006-жылы алган тамарка жери өзүнүн менчиги экендиги таанылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага
Абдибает уулу М.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О порядке рассмотрения обращений граждан»Закон · 04.05.2007 · № 67