# 1-Май айылдык кеңешининин 2015-жылдын 03-февралындагы №18 "1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: 1-Май айылдык кеңешининин 2015-жылдын 03-февралындагы №18 "1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18
- Дата принятия: 03.02.2015
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.02.2015
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/418719>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53617/edition/943122/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.02.2015 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: 1-Май айылдык кеңешининин 2015-жылдын 03-февралындагы №18 "1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.02.2015) - https://aqlex.ai/kg/doc/418719

---

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 03-февралы №18 1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө 1-Май айылдык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин токтомдорун кыргыз тилинде кабыл алуу боюнча 1-Май айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципиалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундуларын угуп, 1-Май айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айыл аймагынын айылдык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин токтомдору кыргыз тилинде кабыл алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басары А.Касымовго тапшырылсын.

Төрага

А.Иманова
