Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин «Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана ставкасын белгилеп берүү жөнүндө» токтому
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ (VI чакырылыштагы) кезектеги Х сессиясы 2019-жылдын 16-январы №9/1 Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымын күчүнө киргизүү жана ставкасын белгилеп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2018- жылдын 10- августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018- жылдын 28- июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73- 74- беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгууүчүн жыйымын күчүнөкиргизүү жана 75- беренесинин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдын ставкасын, 76- беренесинин 3- бөлүмүнө ылайык төлөө мөөнөтүн бекитип берүү, 89- 90- берененин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн, 100- берененин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүүүчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктап берүүжөнүндөгү Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси С.Эсеналиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Ылай-Талаа айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын 2018- жылдын 10- августундагы № 89 мыйзамына ылайык жана 2018- жылдын 28- июнундагы Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73- 74- беренелеринин негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019- жылдын 1- январынан күчүнө киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 75- беренесинин жана 76-беренесинин 1 жана 2- бөлүмүнүн негизинде таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымы 2019- жыл үчүн бир жашоочуга 10 (он) сомго, соода сатык жүргүзгөн ишканаларга имаратынын бир чарчы метрине 10 сомго 76- беренесинин 3- бөлүгүнүн негизинде төлөө мөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрдан кечиктирбестен.
3. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 89- 90- беренесинин негизинде жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, жандыкка 10 (он) сомго, ийри мүйүздүү малга 50 (элүү) сомго, жылкыга 50 (элүү)сом ,төлөөмөөнөтү жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан кечитирбестен.
4. Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 100- беренесинин негизинде муниципалдык мүлктү ижарага берүүүчүн ижара акысынын өлчөмү бир чарчы метрге 50 (элүү) сомго аныкталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талааайылдык Кеңешининсоциалдык маданий, билим берүү, коммуналдыкменчик, саламаттыктысактоо, маалымдуулук, жаштардыништери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасыУ.Ажимаматов) тапшырылсын
Төрага
Н.Жолдошов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах»Закон · 10.08.2018 · № 89
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Кодекс «О неналоговых доходах»Кодекс · 10.08.2018 · № 90