# Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 5 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасын чыгыштоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 5 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасын чыгыштоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 29.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/417923>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-53271/edition/933724/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 5 "Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасын чыгыштоо жөнүндө" токтому (ред. от 29.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/417923

---

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ алтынчы чакырылышынын 23-сессиясы 2018-жылдын 29-декабры №5 Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасын чыгыштоо жөнүндө Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасынын мөннөтү жеткендигине байланыштуу автоунааны чыгыштоо жөнүндө сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 01-18-41 сандуу буйругуна ылайык Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн ВАЗ 21214 маркасындагы, О 33 15 А мамлеккеттик номердеги кызматтык автоунаасынын мөөнөтү жеткендигине жана пайдаланууга жараксыз абалга келгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнөн комиссиянын курамы түзүлсүн.

2. Комиссиянын курамы КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2013-жылдын 8-майындагы № 258 номерлүү муниципалдык менчикте турган мүлктөрдү жана авто каражаттарды чыгыштоо боюнча типтүү жобонун негизинде иш алып барышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

Төрага

Н.Маматназаров
