Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сузак айылдык кенешинин «Сузак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө» токтому
Статус не определён
У этого документа нет однозначного статуса в реестре. Проверьте источник перед цитированием.
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХVII -чакырылышынын 20-сессиясы 2019-жылдын 04-февралы № 3 Сузак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга долбоорун жана 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2019-жылга кирешелеринин жана чыгашаларынын долбоору 2020-2021-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Карабаеванын билдирүүлөрүн угуп талкуулап Сузак айылдык кенеши; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин 2020-жылга божомолу 38829,7 мин сомго, 2021-жылга божомолу 39149,7 мин сомго каралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга кирешелери атайын каражаттар менен кошулуп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынын 2018-жылдын 22-ноябрында №01-15/142/10 катынын негизинде 51850,5 мин сомго долбоорунун көрсөткүчтөрү жеткирилген. Бирок жеткирилген долбоордун көрсөткүчтөрүнөн төмөндөгү салык түрлөрү азайды. Айыл чарба багытындгы жер салыгы жайыт жерлеринин пайдалануу жерлери аздыгынан 55,8 мин сомго, айыл чарба багытындагы эмес жерлеринин планы 402,0 мин сомго, жалпы 457,8 мин сомго азайтылып, 2019-жылдын жергиликтүү бюджети 51392,7 мин сомго, анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 47792,7 мин сомго, атайын каражаттар 3600,0 мин сомго. 2019-жылга тендоо гранты 1101,2 мин сомду түзүп, жалпы бюджет 52493,9 мин сомго ылайык бекитилсин.Ал эми чыгашалары 52493,9 мин сомго, анын ичинен бюджеттик каражаттар 48893,9 мин сомго, атайын каражаттар 3600,0 мин сомго бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнө жыйналган кирешелер биринчи кезекте коргоого алынган беренелердин чыгымдарына (эмгек акы, соцалдык фондко болгон чегерүүлөр, тамак аш жана коммуналдык кызматтарды) каржылоого багытталсын.
4. Электр энергиясынын лимити 932,4 мин кВт өлчөмүндө бюджеттик мекеме уюмдар боюнча №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жеткирилген лимиттерди сактоону көзөмөлдөө мектеп директорлоруна, мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
5. Мектептерди жана административтик имаратды 2019-2020- окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн мекеме уюмдар боюнча 2009,6 мин сом №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн күнүнө бюджеттен 18 сомдон акча каражаты бөлүнсүн.
7. 2019-жылга бекитилген 3600,0 мин сом бала- бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн түшүүчү ата-энелердин салымы балдардын тамак аш чыгымдарына багытталсын жана Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% (пайызын) Республикалык бюджеттин кирешесине алынышы белгиленсин.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде, ал эми айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жана ФЭБ башчысына айыл өкмөтүнүн чондугун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006- жылдын 18-сентябрындагы №672 токтому негизинде ай сайын компенсация төлөп берүү 314,8 мин сомго ылайык бекитилсин.
9. 2019-жылга башкаруу бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесинин эсеби 2536,7 мин сом өлчөмүндө №6 тиркемеге ылайык, машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 204,5 мин сом өлчөмүндө ылайык бекитилсин.
10. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы сел каналдарын тазалоо үчүн баланстагы Самсунг экскаваторуна чегерилген солярканын көлөмү жана унаа бузулган учурда тетиктерин алууга турак жай жана коммуналдык кызматтар болумуно 323,7 мин сомго ылайык бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 «Жайыттар жонундо» токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүндө 704 ( Айыл чарбасы) бөлүмүнүн кирешелери 427,7 мин сомго жана анын айыл чрба багытындагы жер салыгы 70,2 мин сомго жалпы 497,7 мин сомдун чыгышалары Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык 331,8 мин сом өлчөмүндө № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жайыт комитетине келишимдин негизинде өткөрүлсүн. Ал эми жайыт жерлеринин социалдык фонго болгон төлөмдөрүн ижарачылар төлөөсү белгиленсин.
12. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесинин чыгымдары 2099,7 мин сом өлчөмүндө, курулмаларды учурда ондоо беренесинин чыгымдары 2282,5 мин сом өлчөмүндө №10 тиркемеге ылайык, имараттар жана курулмалар беренесинин чыгымдары 13577,6 мин сом өлчөмүндө жана машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 1944,0 мин сом өлчөмүндө ылайык бекитилсин.
13. Билим берүү бөлүмүнүн ар түрдүү беренесинин чыгымдары бала бакчаларга мамлекеттик (госакт) мамлекттик акт жаздырууга жана чарбалык буюмдарды алууга, дезинфекция жумуштарына 385,5 мин сом өлчөмүндө, имараттар жана курулмалар беренесинин чыгымдарына 838,0 мин сом өлчөмүндө, чарбалык буюмдарды алуу беренесине 956,8 мин сомго, имараттар жана курулмалар беренеси 2150,0 мин сомго, машина жана жабдуулар беренесинин чыгымдары 200,0 мин сом өлчөмүндө ылайык бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл окмотунун резервтик фондунун өлчөму 400,0 мин сомго бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403-токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги 7781,7 мин сом эмгек акы фонду менен бекитилсин. Ал эми Сузак айылы чоңдугун жана калкынын саны көптүгүн, ССР кезинде 2 колхоз болгондуктан бүгүнкү күндө 3 айылга бөлүнгөдүгүн эсепке алуу менен 2 айыл башчы кошулуп жалпы 10 айыл башчы кармалсын. Кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 01-мартындагы №131 токтомуна ылайык төлөнсүн.
16. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн кызматкерлери 5 штат бирдиги 360,0 мин сом айлык акысы менен бекитилсин.
17. Маданият кызматкерлери 5 штат бирдиги 392,7 мин сом айлык акысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы токтомунун негизинде бекитилсин.
18. Сузак айыл өкмөтүнө 1-кызматкер (кочегар) штат бирдиги бекитилсин жана анын айлык акысы жергиликтуу бюджеттен 5000 (беш мин) сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.
19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сариевге жана ФЭБ башчысы М. Карабаевага жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Хакимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 6 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (6)
- Постановление Правительства КР от 18 сентября 2006 года № 672 "О нормах компенсации за использование личных легковых автомобилей для служебных поездок"Постановление · 18.09.2006 · № 672
- Постановление Правительства КР от 1 марта 2017 года № 131 "Об оценке деятельности и условиях оплаты труда государственных гражданских служащих и муниципальных служащих Кыргызской…Постановление · 01.03.2017 · № 131 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 30 декабря 2011 года №767 "О мерах по экономии средств государственного бюджета за счет сокращения служебного и дежурного автотранспорта…Постановление · 30.12.2011 · № 767 · Утратил силу
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2013 года № 403 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении типовой структуры и штатной…Постановление · 08.07.2013 · № 403 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 7 июня 2016 года № 307 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики "О мерах по реализации Закона Кыргызской…Постановление · 07.06.2016 · № 307 · Утратил силу