Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын жергиликтуу бюджетти жана 2020-2021-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХVII -чакырылышынын 20-сессиясы 2019-жылдын 17-октябры № 3 «Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын жергиликтуу бюджетти жана 2020-2021-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ» Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн Финансы Экономикалык бѳлүмүнүн башчысы Ч.Тѳлѳнованын айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеӊешинин XXVII-чакырылышынын 20-сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн Финансы Экономикалык бѳлүмүнүн башчысы Ч.Тѳлѳнованын айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга 26623300 сом, 2020-жылга долбоору 28015900 сом жана 2021-жылга 29760100 сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2019-жылга 26623300 сом, 2020-жылга долбоору 28015900 сом жана 2021-жылга 29760100 сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019- жылдын 1-январына карата калган калдыгы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5. Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019- жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 200000 сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.
6. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ каралсын.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2019-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебиндеги 240000 сомдук Момбеков айыл Ѳкмѳтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн.
8. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнѳ карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген ѳзгѳрүүлѳрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке ѳзгѳрүүлѳрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун кѳтѳрүү жагы финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы Ч.Тѳлѳновага жүктѳлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Момбеков айылдык Кеӊешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага
Т.Стамбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «Об основных принципах бюджетного права в Кыргызской Республике»Закон · 11.06.1998 · № 78 · Утратил силу