# Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 27-мартындагы № 7 "Менчик автоунааны айыл өкмөттүн кызматтык жумуштарына пайдалануу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 27-мартындагы № 7 "Менчик автоунааны айыл өкмөттүн кызматтык жумуштарына пайдалануу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 27.03.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.03.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/417534>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52887/edition/926274/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.03.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 27-мартындагы № 7 "Менчик автоунааны айыл өкмөттүн кызматтык жумуштарына пайдалануу жөнүндө" токтому (ред. от 27.03.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/417534

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ V чакырылыштагы II сессиясы 2018-жылдын 27-марты № 7 Менчик автоунааны айыл өкмөттүн кызматтык жумуштарына пайдалануу жөнүндө Ала-Бука районунун борборунан Көк-Таш айылдык аймагынын борбору 110 км алыс аралыкта жайгашып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы № 186 токтому менен “Чек арада жайгашкан аймак” өзгөчө статусуна ээ экендигин эске алуу менен Кыргыз Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун негизинде өзүнүн менчик автоунаасын райондун борборуна жана областын борборуна айыл өкмөттүн кызматтык жумуштарына пайдалануу боюнча айылдык аймактын ФЭБ башчысы А.Маматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Көк-Таш айылдык аймагынын ФЭБ башчысы А.Маматовго өзүнүн менчик Эстима маркасындагы автоунаасын бир жумада эки жолу, бир айда сегиз жолу айыл өкмөттүн кызматтык жумуштарына пайдаланууга макулдук берилип, бир жылга жергиликтүү бюджеттен 229752 сом жергиликтүү бюджеттен ажыратууга макулдук берилсин.

2. Токтом www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Н. Жакыев
