Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Коомдук алдын алуу борборун каттоодон өткөрүү жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 9-июну № 1 Коомдук алдын алуу борборун каттоодон өткөрүү жөнүндө Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин Каныш-Кыя айыл аймагынын алдында уюштурулган коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жана печат, штамп алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевдин Каныш-Кыя айыл аймагынын алдында уюштурулган коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жана печать, штамп алуу боюнча уруксат сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Рсепубликасынын Өкмотүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №747 токтому менен бекитилген коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставына ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын алдында уюштурулган коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жана печать, штампь алуу жана борбордун жетекчисин Каныш-Кыя айыл аймагынын буйругу менен бекитүү иштерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика, жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага
Ж. Бегалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 747 "Об утверждении Типового устава общественно-профилактического центра"Постановление · 27.10.2015 · № 747
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики»Закон · 20.07.2009 · № 241