# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы №18/71 "Кызыл–Кыя шаардык спорт, жаштар, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы №18/71 "Кызыл–Кыя шаардык спорт, жаштар, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 18/71
- Дата принятия: 11.10.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.10.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/416729>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52583/edition/928996/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.10.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 11-октябрындагы №18/71 "Кызыл–Кыя шаардык спорт, жаштар, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" токтому (ред. от 11.10.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/416729

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 18-сессиясы

2018-жылдын 11-октябры №18/71 Кызыл–Кыя шаардык спорт, жаштар, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 9–июлундагы №42 протоколунун, шаардык кеңештин социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018–жылдын 21–сентябрындагы №12 жана 2018–жылдын 3–октябрындагы №13 протоколдорунун чечимдерин, Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2018–жылдын 9–июлундагы №01–8/1194 катын эске алып, шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя шаардык спорт, жаштар, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл–Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кызыл–Кыя шаарынын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.

2. Милдеттендирилсин:

а) Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге шаардын 120 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча түзүлгөн иш чараларды жүргүзүүдө орун алган кемчилдиктерди кыска мөөнөттө четтетүү жана ал иш чараларды толук көлөмдө аткарууга бардык чараларды көрүп, шаардын мааракесин жогорку деӊгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу жагы.

б) Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Кулматовага

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ №2 Жарлыгынын ишке ашыруунун алкагында айылдык китепканаларды жана клубдардын толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу жагы; шаардын 120 жылдык мааракесине арналган маданий иш чаралардын сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу жагы.

в) Кызыл–Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А.Таштемировго

жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аларды сергек жашоого үндөө максатында, жаштарды спортко тартуу, спорттун кеӊири тараган түрлөрү боюнча жаштар арасында ар түрдүү спорттук иш чараларды өткөрүү жагы. шаардын 120 жылдыгына карата түзүлгөн иш чараларга негиз, спорттук иш чараларды уюшкандыкта өткөрүү жагы.

3. Кызыл–Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн штатына шаардын жергиликтүү бюджетинен кошумча төмөнкү кенже тейлөөчү кызматкердин штаттык бирдиги бөлүнүп берилсин:

1). Техничка – 1 бирдик.

4. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кызыл–Кыя башкармалыгынын башчысы И.Жолдошовго Кызыл–Кыя шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн штатына кошумча бөлүнүп берилген кенже тейлөөчү кызматкердин эмгек акысын шаардын жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

У. Дарипова
