# Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 59 “Кызыл Жылдыз” калктуу пунктун мамлекеттик классификатордон чыгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 59 “Кызыл Жылдыз” калктуу пунктун мамлекеттик классификатордон чыгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 59
- Дата принятия: 21.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 21.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/416693>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52547/edition/935397/ru>

> Текст приведён по редакции от 21.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы № 59 “Кызыл Жылдыз” калктуу пунктун мамлекеттик классификатордон чыгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 21.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/416693

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясынын

2018-жылдын 21-декабры № 59 “Кызыл Жылдыз” калктуу пунктун мамлекеттик классификатордон чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21.10.2017-жылдагы № 690 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2020-жылдын 20-29-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фондун каттоо өткөрүлүп жаткандыктан Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу пункту жок болгондугуна байланыштуу, Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик классификатордон чыкпай 41703222381 номерлүү коду менен төртүнчү айыл катары тизмеде тургандыктан, “Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын талаптарына ылайык, аталган “Кызыл - Жылдыз” калктуу пункту Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык жана аймактык бирдиктердин обьектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунан чыгаруу максатында, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында “Кызыл-Жылдыз” калктуу пункту жок болгондугуна байланыштуу, Улуттук статистика комитетинде мамлекеттик классификатордо 41703222381 номерлүү коду менен төртүнчү айыл катары тизмеде турган “Кызыл-Жылдыз” калктуу пункту Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык жана аймактык бирдиктердин обьектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунан чыгаруу жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

2. Мамлекеттик классификатордон чыгаруу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.

Төрага

Р. Жунусакунов
