# М.Абдылдаев айылдык кеңешини 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: М.Абдылдаев айылдык кеңешини 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 54
- Дата принятия: 24.05.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.05.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/416538>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52393/edition/925784/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.05.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: М.Абдылдаев айылдык кеңешини 2018-жылдын 24-майындагы № 54 "Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому (ред. от 24.05.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/416538

---

М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык Кеңешини 7-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы

2018-жылдын 24-майы № 54 Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсү жөнүндө Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсүн М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 24-05-2018-жылдагы 7- чакырылышынын кезексиз 11 –сессиясы карап чыгып ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 05.-03.2018-жылдагы кезектеги 8-сессиясында кабыл алынган № 39 токтомуна өзгөртүү киргизилгендиги белгиленсин.

2. Токтогул райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 16-майындагы № 11/2-3-680-18 Каршылык билдирүүсүнүн негизинде М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 05-03-2018-жылдагы 7-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясында кабыл алган № 39-токтомундагы № 3 –пункту алынып салынсын, жана төмөндөгүдөй кабыл алынсын.

“М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин убактылуу түзүлгөн комиссиясынын текшерүүсүнүн негизинде Ак-Тектир айылынын айыл башчысы А.Маарайымовдун жана Чолпон-Ата айылынын айыл башчысы М. Жумабаевдин өз иш-милдеттерин аткарууда кетирген кемчилдиктерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 сандуу токтому менен бекитилген “Айыл башчы жөнундөгү” типтүү жобонун негизинде кызмат орундарын карап чара көрүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго сунушталсын.

3. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

Төрага

С. Кылданов
