# Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №126/23-7 "Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун кайрылуусу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №126/23-7 "Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун кайрылуусу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 126/23-7
- Дата принятия: 10.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/416400>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52256/edition/923676/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №126/23-7 "Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун кайрылуусу жөнүндө" токтому (ред. от 10.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/416400

---

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 10-декабры №126/23-7 Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун кайрылуусу жөнүндө Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Э.Э.Бабакановдун Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.04.2002-жылдагы №59 сандуу токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14 январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5- февралындагы № 80 токтому менен өзгөртүлгөн. Бул өзгөртүүлөргө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан берилүүчү маалымкаттар (жашаган жеринен маалымкат берүү, үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө, бодо малдын болушу жөнүндө, майда жандыктын болушу жөнүндө жана б.у.с.) акысыз берилиши керек. Ошондуктан Кара-Көл шаардык кеңешинин жарандарга маалымкаттарды, ар кандай багыттагы аныктамаларды берүү маселесине байланышкан токтомдорун жокко чыгаруу зарыл. Жогорудагылардын негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаардык кеңешин төмөндөгү токтомдору жокко чыгарылсын:

- 16.04.2002-жылдагы XV сессиясынын “Аймактык комитеттерди каржылоо

жөнүндө” №59 токтому тиркемеси менен;

- Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.06.2013-ж. № 25/6-6 токтому;

- Кара-Көл шаардык кеңешинин18.10.2013-ж. № 35/9-6 токтому.

2. Кара-Көл шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев) Кара-Көл шаардык мэриянын

30.12.2014-жылдагы № 534-б буйругун жокко чыгаруу сунушталсын.

3. Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14 январындагы № 6 токтомун жетекчиликке алсын .

4. Жашаган жеринен, үй-бүлөсүнүн курамы, бодо малдын болушу, майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкаттарды акысыз берүү Кара-Көл шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын кварталдык комитети тарабынан жүргүзүлсүн.

5. Кара-Көл шаарынын жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кварталдык комитетти мэриянын Ленин көчөсүндөгү имаратына көчүрүү шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына ( Э.Э.Бабаканов), ал эми контролго алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.

Төрага

Б. Н. Кыргызалиев
