Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Көл шаардык кеңешинин «Кара-Көл шаарынын 2018-жылга шаардык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин 28.04.2018-ж. №87/16-7 сандуу токтому менен бекитилген шаардык мэрия, кеңеш, ШММБ жана маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнение”) киргизүү жөнүндө» токтому
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 10-декабры №125/23-7 Кара-Көл шаарынын 2018-жылга шаардык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин 28.04.2018-ж. №87/16-7 сандуу токтому менен бекитилген шаардык мэрия, кеңеш, ШММБ жана маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнение”) киргизүү жөнүндө Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын 04.12.2018-ж. №05-5/2675 чыгыш сандуу катындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз ХХIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын 04.12.2018-ж. №05-5/2675 чыгыш сандуу катындагы маселелер боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун маалыматтары эске алынсын.
2. Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы республикалык бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 2018-жылга бекитилген бюджетинде 01.12.2018-жылга 1 768,5миң сомдук бош калган калдык каражатты ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн шаардык мэрия, кеңеш, ШММБ жана маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренелерине жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
3. Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомдун 2-пунктундагы 1 768,5миң сомдук каражатты шаардык мэрия, кенеш, ШММБ жана маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнение”) киргизүү жолу менен каржыласын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага
Б. Н. Кыргызалиев
Тиркеме
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңештин
10.12.2018-ж. №125/23-7токтому
менен
КРнын Өкмөтүнүн 11.06.2018-ж. №276 сандуу токтомунун негизинде Кара-Көл шаарынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 01.10.2018-жылынан баштап республикалык бюджетке өткөндүгүнө байланыштуу, башкармалыктын 01.12.2018-ж. 1 768,5миң сомдук бош калган каражатка шаардык мэриянын социалдык-экономикалык
өнүгүү программасына каралган иш-чаралардын
Р Е Е С Т Р И
( сом)
№ п/п
Мекеменин аталышы
Иш пландын аталышы
Болжолдуу сметтик баалары
Эскертме
1
ШММБ
Кара-Көл шаарындагы көчөлөрдү жарыктандырууга прожектор жана дросель сатып алууга
550 950
2
ШММБ
Кара-Көл шаарынын ички жолдоруна жол белгилерин сатып алуу
200 000
3
ШММБ
Шаардын мектептерине окуучуларга отургуч жасатуу үчүн материалдарды сатып алууга
200 000
4
ШММБ
№1 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин сырткы ажатканасына керектелүүчү сантехникалык материалдарын сатып алууга
11 000
5
ШММБ
№2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасынын от казандарына керектелүүчү материалдарын сатып алууга
18 820
6
ШММБ
Чоң-Таш көчөсүндөгү кошумча аялдамага материал сатып алууга
22 560
7
ШММБ
Ак-Кыя 1 менен Ак-Кыя 2 көчөлөрүнүн бириккен жолун кеңейтүүгө ГСМ сатып алууга
90 000
8
ШММБ
Техникалык көзөмөлдөөгө
36 000
9
ШММБ
Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнө мектептерге, бала бакчаларга өрт өчүрүүчү шаймандарды сатып алууга
43 742
10
ШММБ
Стальной провод сатып алууга (заземления) бала бакчага
2000
11
ШММБ
ММБгынын балансында турган тракторго запастык тетиктерди сатып алууга
80 000
12
ШММБ
Жазы-Кечүү айылындагы трансформаторду королоого
10 000
13
Мэрия
2019-жаңы жылды тосууга мектептерде эң жакшы окуган балдарга белек, “Жылдын мыктысы” номинациясына сыйлыктарды, дипломдорду сатып алууга
61 500
14
Маданият бөлүмү
Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого
278 290
15
Шаардык кеңеш
Шаардык мамлекеттик статистика бөлүмүнө эмеректерди алууга
163 700
Жалпы суммасы:
1 768 562
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси: Нурматова К.И.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.