Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаргылчак айылдык кеңешинин «Муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө» токтому
ЖАРГЫЛЧАК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 28-ноябры № 49 Муниципалдык кызматтардын базалык реестри жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Мыйзамынын 7-беренеси “Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн негиздер” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомун жетекчиликке алуу менен, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Мыйзамынын 7-беренеси “Акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн негиздер” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 токтомун жетекчиликке алуу менен, Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө маалымдамалар акысыз берилсин.
2. Аталган токтомКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жаргылчак айыл өкмөтүнүн адиси Акматов Н. милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана анын аткарылышын камсыздооЖаргылчакайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаныбеков А.А.милдеттендирилсин.
Төрага
К. А. Мокеев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.