# Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 1 "Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын Кz зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 1 "Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын Кz зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 04.12.2018
- Статус: Утратил силу
- Редакция от: 15.11.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/416163>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-52020/edition/918920/ru>

> Текст приведён по редакции от 15.11.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 1 "Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын Кz зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 15.11.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/416163

---

Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 1 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылыш кезектеги ХIII сессия

2018-жылдын 4-декабры № 1 Жалал-Абад шаарынын экономикалык-пландоо зоналарынын Кz зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын жана КРнын Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Т.Уметовдун баяндамасын угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна таянып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 29.09.2011-жылдагы XXIII сессиясынын №3-токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. Жалал-Абад шаарынын айыл чарбасында багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын зоналдык коэффициентин шаардын экономикалык–пландаштыруу зоналары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Биринчи зонага -1,2 Экинчи зонага -1,0

3. Жалал-Абад шаардык салык кызматынын башчысына салык жыйноодо ушул токтомду колго алып, иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыяланып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө жагы шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Джолдошев
