# Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылдын 03-августундагы №29 "“Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылдын 03-августундагы №29 "“Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29
- Дата принятия: 03.08.2017
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.08.2017
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/416001>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-51858/edition/916800/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.08.2017 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Куршаб айылдык кеңешинин 2017-жылдын 03-августундагы №29 "“Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.08.2017) - https://aqlex.ai/kg/doc/416001

---

КУРБАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган ) Х кезектеги отуруму

2017-жылдын 03-августу №29 “Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктунун, тургундардын кайрылуусунун жана Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы алдын ала карап чыгарган чечиминин негизинде угуп талкуулап чыгып Куршаб айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) Х кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. №3-Куршаб айылынын“Агроном” участкасынан көчүрүлүп чыккан жарандарга Жаман Адырдан Кыргыз Республикасынын 2017-жыл 30-майдагы №310- токтомунун негизинде, мыйзам чегинде турак жай куруу үчүн жер тилкесин алууга уруксат берилсин жана тийиштүү жетекчиликтерден керектүү иш кагаздары суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куршаб айылдык кеңешинин турак жай,өнөр жай,курулуш,жер,жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

3. Токтомду аткаруу жагы Куршаб айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

Сабытбек уулу Бактыяр
